Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
24
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Мамарасул кызы Алтынай: "Табитиме туура келген жигит болсо ойлонуп көрмөкмүн"
Күрөш14-декабрь 2017-жыл, четверг. 00:29

Мамарасул кызы Алтынай: "Табитиме туура келген жигит болсо ойлонуп көрмөкмүн"

Ош Мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Мамарасул кызы Алтынай жакында эле алыш күрөшү боюнча Европанын алтын медалын багындырып келди. Ал быйыл Sports Awards салтанатында улуттук спорт боюнча "Мыкты спортчу айым" номинациясында жеңишке талапкерлердин бири.

- Саламатсызбы, Алтынай! 8-10-декабрда өткөн алыш күрөшү боюнча Европа кубогунда алтын медаль менен келдиңиз. Жеңишке жетиш оор болдубу? 
-Ооба, оор болду. Кыйынчылыктын артында жыйынтык болот дегендей, кыйналып даярдандым. Артында жакшы ийгилик болду десем жаңылбайм. Былтыр жетишпей калып, абдан өкүнгөм. Быйыл өзүмө өзүм сөз берип, эмгек кылып, жетиштим.

- Кыздар үчүн күрөш менен машыккан оор болсо керек, спорттун түрүн эмнеге тандап алгансыз? 
- Атам көк бөрү боюнча спорттун чебери, апам жаш кезинде волейбол, баскетбол ойноп жүрчү. Атам үйдө машыгып, таш көтөрүп, мен да атамды туурап баштадым. Андан кийин айылыбызда зал ачылып, дос кызым экөөбүз, Таштанбеков Кубаныч агайдын кол астында машыгып калдык. 14 жашыман бери спорт дүйнөсүндөмүн. Эркин күрөш боюнча спорт чеберимин. Бир жылдан бери алыш күрөшү менен машыгып келем. Алыш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери болдум.

- Эң жакшы. Дайыма  формада болуш үчүн режим менен жүрөсүзбү? 
- Чынында режим менен жүрбөйм. Ата-журтуман мага өткөн күч болсо керек деп да ойлоп кетем. Досторум да “сенде табияттан өзгөчө күч бар” деп айтып калышат.

- Алыш күрөшү менен машыкканыңызга жакындарыныздын көз карашы кандай? 
- Ата-энем,  бир туугандарым, досторум, жакын адамдарым баары колдоп коштошот. Ийгиликтеримди угуп кубанып, моралдык жана материалдык жактан жардам берип турушат. Ыразычылыгымды билдирем.  Алыш курөшү кыргыздын чыныгы күрөшү!

- Ата-энем деп калдыңыз, алар тууралуу айтып кетпесеңиз болбос...
- Албетте. Атам Эргешбаев  Мамарасул Турганбаевич. 1959-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда жарык дүйнөгө келген. Спорттун  чебери. Апам Каипова Дөөлөткан Матаиповна. 1967-жылы туулуп-өскөн. Ата-энем экөө тең бир айылдан болушат. Учурда мугалим болуп эмгектенет. Биз 5 бир тууганбыз.  2 кыз 3 уул, эң кенжеси менмин.

Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз? 
- Спорттон тышкары башка эч нерсе менен алектенбейм. Бүт жашомду спортко арнап койгом. Сабака барам, залга барып машыгам. Өзүм спорт комитеттен бир жарым жылдан бери машыктыруучу болуп эмгектенем. Окуучу кыздарым бар.

- Шакирттериңиз кандай ийгиликтерге жетишкенге үлгүрүштү? 
- Кыздарым жаш болгонуна карабастан, Курманжан Датка, Абсамат Масалиев жана Баяман Эркинбаевдин Эл аралык мелдештеринде байгелүү орундарга илинип, мени кубандырышууда. Буюрса аракеттери, кызыгулары күч. Келечекте жакшы жыйынтык чыгарып, Кыргызстандын ишенген балбан кыздары болот деген үмүттөмүн.

- Албетте, биз да ишенебиз. Эгерде жашоого кайрадан келүүгө мүмкүнчүлүк болсо, эмнени өзгөртөт элеңиз? 
- Эч нерсени өзгөртмөк эмесмин. Мага тандаган кесибим  жагат. Бул кесиптен рахат алам, ыраазымын.

- Жеке жашоо жөнүндө ойлоно баштасаңыз керек? 
- Азырынча ойлоно элекмин. Бирок табитиме туура келген, мени түшүнгөн жигит болсо ойлонуп көрмөкмүн. Бул жашоодо бактылуу болуш биринчи орунда.

 - Маегиңизге чоң рахмат. Сизге ийгилик каалайм!