Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Самат Догочиев: "Юрист болом деп кыялданчумун"
Волейбол13-декабрь 2017-жыл, среда. 11:41

Самат Догочиев: "Юрист болом деп кыялданчумун"

Sports Awards-2017 салтанатында “Мыкты волейболчу” наамына талапкер, “Жаш Муун” командасынын оюнчусу, 20 жылдан ашык өмүрүн спортко арнаган Самат Догочиев менен маекти сунуштайбыз.

- Саламатсызбы, Самат Кеңешбекович? Алгач өзүңүздү тааныштыра кетсениз?
-
Мен 1982-жылы 18-августта Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кызыл-Туу айылында төрөлгөм. Боюм 184 сантиметр, ал эми салмагым 80 килограмм. Бул спортко келип калышыма атам түрткү болду. Ал мени кичинекей кезимде эле КРнын мыкты машыктыруучуларынын бири Сейтказиев Мелис Сейтказиевич алпарып тапшырып, волейбол жаатына жол ачып берген.

- Балачак кезиңиз кандай өткөн?
-
Балачак кезим балдар менен  чогуу волейбол боюнча кичи мелдештерге катышуу менен кызыктуу өткөн. Алгачкы жеңиштерим да дал ошол мезгилде болгон.

- Хоббиниз?
- Хоббим - бул китеп дүйнөсү менен аралашуу.

- Алгачкы жеңиштер жана андагы эмоциялар өзгөчө болот эмеспи. Ошолор менен бөлүгө кетсеңиз?
-
Жогоруда айтып кеткендей, биринчи оюндарыбыз айылда 8-9-класстарымда Тоң районунда Ак-Өлөң айылынан башталган. Кийин 10-классымда волейболчу катары Мелис агайым менен бирге олуттуу оюндарга катышып, жеңиштерди багындыра баштаганбыз.1998-жылы Бишкеке келип, республикалык Спартакиадага катышып, 2-орунду ээлегенибиз. Ошол жеңиш жана андагы кубаныч эстен кетпейт. Бул менин туңгуч жана чоң жетишкендигим болгон.

- Ата-энеңиз жана жеке үй-бүлөңүз тууралуу да маалымат берип кетсеңиз?
-
Ата-энем экөө тең мугалим. Өз кезинде алар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Орус жана Кыргыз филологиясы факультеттерин аякташкан. Азыркы учурда атам Тоң районунундагы мектепте директор болуп иштейт. Ал эми апам  орус тилинен мугалим болуп эмгектенип келет. 3 бир тууганмын. Ал эми менин жубайым Чолпон Жети-Өгуздүн кызы. Экөөбүз 3 баланы тарбиялап келебиз.

- Спорт жолунда кандай кыйынчылыктарга кабылдыңыз?
- К
ыйынчылыктарды студенттик кезде тарттым окшойт.Анткени айылымдан шаарга келип, бир учурда окуп, иштеп жана машыгууга жетишиш керек эле.

- Балалык кыялыңыз кандай эле?
-
Бала кезимде негедир юрист болом деп кыялданчумун. Бирок кийинчерээк волейболго кызыгуум артып, спортчу болуп калдым.

- Кумириниз барбы?
- Мен спорт жаатында баардык адамдарды сыйлайм. Майк Тайсон, Александр Корелин сыяктуу улуу инсандардай легендарлуу адам болгум келет.

- Сиздин жашооңузда спорт кандай роль ойнойт?
-
Спорт менин жашоомдо эң маанилүү ролду ойнойт. Анткени ал менин сүйүктүү жумушум жана менин наным.

- Жакында келе жаткан Sports Awards салтанатында "Мыкты волейболчу" наамына ат салышып жатасыз. Атаандаштарыңыздан алдыга суурулуп чыгып, наамга жетем деп ойлойсузбу?   
-
Биринчиден спортчуларды колдоп, ушундай иш-чара өткөрүп жатканыңыздар кубандырат. Атаандаштык тууралуу айтсам, биз быйыл “Жаны Муун” командасы менен көптөгөн жеңиштерди багындырып, Мальдив аралдарында Азия чемпиону болуп келдик. Ушундай жетишкендиктерден улам мыкты үчилтиктин катарына кирдим деп ойлойм. Юирок үчилтиктеги бардык талапкерлер наамга татыктуу. Ал эми кимибиз жеңебиз аны добуш берүү жана калыстар чечет эмеспи.

- Маегиңизге чоң рахмат. Сизге ийгилик каалайм!