Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
24
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Бектур Рысманбетов: "Жакшы жыйынтык көргөзмөйүнчө үй-бүло курбайм"
Башкалар12-декабрь 2017-жыл, вторник. 23:09

Бектур Рысманбетов: "Жакшы жыйынтык көргөзмөйүнчө үй-бүло курбайм"

Назарыңыздарга Sports Awards-2017 салтанатында "Мыкты дзюдо чебери" номинациясында жеңишке ат салышы күтүлүп жаткан Бектур Рысманбетов менен болгон чакан маекти сунуштайбыз.

Назарыңыздарга Sports Awards-2017 салтанатында "Мыкты дзюдо чебери" номинациясында жеңишке ат салышы күтүлүп жаткан Бектур Рысманбетов менен болгон чакан маекти сунуштайбыз.

- Ассалому алейкум Бектур мырза! Маегибизди кантип спортко келип калганыңыз тууралуу баштасак?
- Алик алдым. Дзюдого келишиме байкем себепчи. Ал бир жолу мени өзү машыккан залына алып барган. Ошол күндөн тартып машыгууну калтырбай улантып келе жатам.

- Ошондо дзюдо менен машыгып келе жатканынызга канча убакыт болду?
- 17 жыл болду. 1- классыман бери машыгып келем.

- Бул арадагы эң кубанычтуу күн тууралуу айтып бериңизчи?
- Эң кубанычтуу күндөр деп чоң жеңишке жетишкен бардык күндөрүмдү эсептейм. Мисалы Ислам оюндарыны коло медалын алганда же болбосо Түркияда өткөн Дүйнө кубогунун күмүш медалын камсыздаганда.

- Токио-2020 Олимпиадасына даярдыктар башталса керек?
- Албетте! Олимпиадага алгач жолдомо утуш керек. Ал үчүн бардык күч аракетибизди жумшайбыз. Учурда даярдыктар, машыгуу сборлору башталган. Максатыбыз – кыргыз туусун бийик желбиретүү!

- Окуучулук күндөрдө тентектик кылып, спортчу экениңизден пайдаланып, балдарды сабачу эмес белеңиз?
- Жок андай болгон эмес. Сабакка кечикпей келип, бүтөр замат машыгуу залына шашчумун. Кээде машыгууга сабактан суранып барган күндөр да болгон. Чынын айтсам, мушташка жокмун.

- Сүйлөшкөн кызыңыз барбы? Качан үй-бүлө курайын деген планыңыз бар?
- Ооба суйлошкон кызым бар. Мен азыр 25 эле жаштамын. Спорттук карьерамда жакшы жыйынтык көргөзмөйүнчө үй бүлө курбайм.

- Маегиңизге рахмат! Тилеген максатыңызга жетиңиз!