Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Октябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Муролим Ахмедов: "Убагында мени командадан айдап жиберишкен"
Футбол12-декабрь 2017-жыл, вторник. 23:05

Муролим Ахмедов: "Убагында мени командадан айдап жиберишкен"

Topsport.kg`нин версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчусу” наамына талапкерлердин дагы бири менен таанышып алыңыздар. Оштун "Алай" футбол клубунун жарым коргоочусу Муролим Ахмедов футболдук жашоосу тууралуу айтып берди.

- Муролим футболго кантип аралашкансыз?
- Мен туулуп-өскөн айылда футбол кеңири жайылган спорт түрү болуп саналат. Футбол секциясына башка көпчүлүк балдардай эле кичинемден барып жазылгам. Футбол үчүн лицейдеги окуумду таштагам десем болот. Анткени лицейде биз эртең мененден баштап түштөн кийинки 3-4кө чейин окучубуз. Башкача айтканда футбол ойногонго убакыт дээрлик калбачу. Ошондуктан орто мектепке котрулуп кеткем.

- Ар бир чемпиондун аркасында кучтуу эне турат. Ата-энеңиз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Мен Баткен облусунун, Кадамжай районуна караштуу  Абсамат Масалиев айылында туулгам. Футболчу болуп калышыма ата-энемдин салымы чоң. Алар мага эч кандай тоскоолдук кылбай ардайым колдоп келишет. Үй-бүлөдө 3 уул жана 1 кызбыз. Мен эң улуусумун.

- Эң алгачкы ийгиликтериңиз дайыма эсиңизде болсо керек?
- Албетте. Футболдогу алгачкы эсте каларлуу жетишкендигим - бул 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Кыргызстан кубогунда  2-орунду алганым болгон. Чоң футболго 2009-жылы "Алайдын" курамында баштагам. Жогорку Лигада ойноп жатканыма 8 жыл болду. Бул арада Кыргызстандын 4 жолку чемпиону болууга жетиштим. 2013-жылы Кыргызстандын Кубогун утуп алганбыз.

- 2017-жыл сиз үчүн кандай жыл болду?
- 2017-жыл мен үчүн жемиштүү жыл болду. Алгач март айында Кыргызстандын Суперкубогун утуп алдык. Сезондун аягында катары менен 3-ирет чемпион аталдык. Мындан тышкары биринчи жолу курама командабызга чакыруу алып, дебют жасадым. Ошондой эле быйыл экинчи ирет АФКнын Кубогунда күчүбүздү сынап көрдүк. Тилекке каршы Эл аралык аренада азырынча жолубуз болбой жатат.

- “Алайдын” 3 сезон катары менен Өлкө чемпиону болушунун сыры эмнеде?
- Мунун сыры биримдикте жана стабилдүүлүктө десем жаңылышпайм. Мында ушул нерселерди камсыз кылып берип жаткан командабыздын вице-президенти Сейит Аматовдун эмгеги зор. Ал бизге жакшы көңүл буруп, ыңгайлуу шарттарды түзүп берип келет.

- Чет өлкөдөн сунуштар түшүп жатабы?
- Жок андай сунуштар түшкөн жок. Кыргызстандын клубдарынан сунуштар болуп жатат. Азырынча менин жаңы 2018-жылкы сезонду кайсы командада баштайм белгисиз.

- Сиздин командалаштарыңыз Алиа Силла менен Максат Алимов футзалда ойноп жатышат. Сизде да футзал ойноо тууралуу ойлор жокпу?
- Жок андай оюм жок. Мурун футзалда ойногом. Анткени футболдо сезон ноябрь айында аяктап, февраль айында жаңы сезонго даярдыктар башталат. Анан 3-4 ай жөн жүрбөстөн, жок дегенде спорттук форманы калыбында сактап туруш үчүн футзалда ойноп турат элем. Азыр футзалды таштап койгом.

- 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча сиздин "Дордойдун" дарбазасына киргизген голуңуз "Мыкты гол" аталган эле...
- Буга мен абдан кубангам. Анын үстүнө биздин айыгышкан атаандашыбыздын дарбазасына кирген да ошол гол. 

- Сиз Sports Awards-2017 салтанатынын алкагында “Мыкты футболчу” наам кошулганына көрсөтүлгөнүңүздү кандай кабыл алдыңыз?
- Мындай маалыматтыInstagram`дан окуп калып сүйүндүм. Талапкерлердин катарына кошулупмун, демек жакшы ийгиликке жетишиптирмин деп ойлодум. Кыргызстандын "Мыкты футболчусу" болуу үчүн талапкерлердин катарына киришиме командалаштарым менен машыктыруучумдун салымы чоң.

- Спорт жолун тандаган жаштарга кандай кайрылуу жасап кетет элеңиз?
- Аларга айтарым: эч качан багынбагыла! Кандай гана кыйынчылыктар болбосун машыгууну эч качан токтотпогула! Убагында эч кимге керегим жок болуп, командадан айдап жиберишкен. Бирок озүмдүн үстүмдөн иштеп, алдыга жылдым. Кыйынчылыктар ар дайым болуп турат, ошол убакытта күч таап, алдыга умтулуу керек!

- Маегинизге чон рахмат, сизге ийгилик каалайбыз!