Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Октябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Бахтияр Дүйшөбеков: "Мүмкүнчүлүк болсо "Барселонада" ойномокмун"
Футбол12-декабрь 2017-жыл, вторник. 12:32

Бахтияр Дүйшөбеков: "Мүмкүнчүлүк болсо "Барселонада" ойномокмун"

Футбол боюнча канттык "Абдыш-Ата" жана КРнын улуттук курама командасынын жарым коргоочусу, Sports Awards-2017 салтанатынын "Мыкты футболчу" наамына талапкер болуп үчилтикке кирген Бахтияр Дүйшөбеков менен маек курдук.

- Саламатсызбы Бахтияр мырза?
- Саламатчылык.

- Кайда туулуп-өскөнсүз?
- Мен 1995-жылы 3-июнда Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Курмөнтү айылында туулуп-өскөм. Кичинекей кезден бери эле футболчу болом деп кыялданып, 7-классымда атайын футбол мектебинде окугам.

- Бүгүнкү күнгө чейин кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?
- "Абдыш-Атанын" курамында футбол боюнча Кыргызстандын Кубогун 2 ирет утуп алгам. Быйыл чемпионатта вице-чемпион болдук. Мындан тышкары Кырызстандын улуттук курама командасында ойнойм. Бул дагы жетишкендик.

- Футбол сиз үчүн эмне?
-Менин - бул менин жашоом. Сүйүп иштеген кесибим.

- Кумириңиз ким?
- Спорт жаатында кумир тутпайм. Ал эми жашоодо кумирим Мухаммед Пайгамбар (с.а.в).

- Мыкты футболчу болуш үчүн эмне кылыш керек?
- Эн башкысы аракет. 1% талант 99% аракет деп бекеринен айтылбайт да. Өз ишинди сүйүп, мээнет кылышын керек.

- Кайсы оюн өзгөчө эсиңизде калды эле?
- Үч оюн өзгөчө эсте. Австралия менен беттеш. Анан Шериктештик кубогунда Россия менен болгон беттеш. Ошондо мен 1 гол киргизип, оюнду 2:1 эсебинде утуп алганбыз.

- "Мыкты футболчу" наамына татыктуумун деп ойлойсузбу?
- Ооба. Анткени 2016-жылы да бул номинацияга коюлуп, 2-орунду алгам. Кыргыз элим үчүн көптөгөн оюндарда ойноп келем.

- Кыргыз футболунун азыркы абалын кандай баалайсыз?
- Мурункуга караганда абдан жакшы. Дүйнөлүк рейтингде топ-100 кирдик. Дагы да алдыга чоң кадам таштап өнүгүп жатабыз.

- Сиз менен бирге номинацияга ат салышып жаткан Муролим Ахмедов менен Виктор Майер жөнүндө эмне айта аласыз?
- Экөөнү тең жакшы билем. Виктор менен 3 жылдан бери курама командада ойноп келе жатабыз. Аны спортчу катары гана эмес, адам катары да абдан сыйлайм. Муролим Ахмедов менен дос катары суйлөшүп турам. Чынында экөө тең мыкты футболчулар.

- 2018-жылы Россияда боло турчу дуйнөлүк чемпионатка оюнга барбай калганыңардын себеби?
- Биз башында тандоо турунан өттүк. Ал жактан Бангладеш, Иордания, Австралия жана Тажикстан менен ойнодук. Бирок кийинки турга өткөнгө 2 балл жетпей калды. Келечекте дүйнөлүк оюнга дагы чыгабыз деген чоң үмүттөбүз.

- Ойноп жатып жаракат алдыңыз беле?
- Ооба. Бул спортчу үчүн эң жаман нерсе. Мен Беларусияда ойноп жүргөн кезде бутуман жаракаталып, операция болгом. Азыр Кудайга шүгүп баары жакшы.

- Акыркы жаңылыктарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?
- Акыркы учурда чет өлкөгө иштешкени көп сунуштар түшүп атат. Ойлонуп атам. Кече жакында эле Индонезиядан учуп келдик. Цунами Кубогунда Монголия, Бруней, Индонезия жана Кыргызстан командаларынын арасында турнир өтүп, 1-орунду ээледик.

- Эгерде мүмкүнчүлүк болсо кайсы командада ойнойт элеңиз?
- "Барселонада"!

- Маегиңиз үчүн ырахмат! 
- Сиздерге да ырахмат! Убакыттан пайдаланып topsport.kg сайтынын жамаатына спортчуларды колдогонуңуздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.