Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Улукбек Жолдошбеков: "Алардын спортчу экенин түшүнбөй, бандит болом деп айта бериптирмин"
Күрөш12-декабрь 2017-жыл, вторник. 01:09

Улукбек Жолдошбеков: "Алардын спортчу экенин түшүнбөй, бандит болом деп айта бериптирмин"

Sports Awards-2017 салтанатын утурлай жылдын мыктыларына талапкерлерди тааныштырууну улантабыз. Бүгүн маек төрүбүздө "Мыкты эркин күрөш чебери" наамына талапкер Улукбек Жолдошбеков болмокчу.

Улукбек Жолдошбеков: "Алардын спортчу экенин түшүнбөй, бандит болом деп айта бериптирмин"

Sports Awards-2017 салтанатын утурлай жылдын мыктыларына талапкерлерди тааныштырууну улантабыз. Бүгүн маек төрүбүздө "Мыкты эркин күрөш чебери" наамына талапкер Улукбек Жолдошбеков болмокчу.

 - Сизге алгачкы суроом, өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз?
- Мен озүм Нарын шаарынан болом. Ал жакта 8-класска чейин окуп, кийин Бишкекке келип спорт мектебинен окуумду аяктагам. Азыркы учурда Юридикалык Академияда сот бөлүмүндө 4-курста окуйм.

- Эмне себептен спорттун бул түрүн тандагансыз?
- Буга байкелерим түрткү болгон десем болот. Алар мени спортко катыштыруу үчүн болгон аракеттерин жасашкан. Алар "биз күрөшпөсөк да сен күрөш" деп көп айтышчу.

- 1 пайыз талант, 99 пайыз аракет. Спорт жаатында ушул кептин чындыгы канчалык же табиятынан күчтүү болуш керекпи?
- Ушул кепке мен дагы кошулам. Абдан туура айтылган. Талантың ташкындап туруп эч кандай аракетин жок болсо, анда жакшы нерсе болбойт. Спортто деле ушундай. Күнүгө машыгып, аракет кылсаң жыйынтыгы жакшы болот.

- Спортчулар кыйратып акча табышпайт, намыс үчүн жүрүшөт дешет. Сизде каражат маселеси кандай?
- Жакшы суроо бердиңиз. Эгерде сен профессионалдык спортко жетсен, анда спорт бизнес болуп кетет. Кудайга шүгүр спорттун арты менен үй да алдым, машинага да жеттим. Кудай буюрса башкасына да жетебиз.

- Анда жогору жактан кандайдыр бир колдоо болот окшойт?
- Албетте! Мамлекет тарабынан да колдоо болот, жеке ишкерлер тарабынан да жана криминал жактан дагы. Ким менен иштешүү ал адамдын өзүнөн, тарбиясынан болот.

- Жогорку билимди юридика жаатында алып жатканынызга караганда келечекке башка пландарыныз бар го?
- Жок спортту таштагым келбейт. Спортту кыска убакытка эле калтырып койсоң, андан ары улантып кетүү кыйын. Анын үстүнө спорт менен түбөлүк нан таба албайсың. Спорттук карьера аяктаган соң иштейбиз да.

- Спортчулардын жашоосу сырттан караган адамга суз көрүнөт. Спортчу болгонуңузга өкүнбөйсүзбү?
- Туура айтасыз, тынымсыз машыгуулар, окшош күндөр, кечинде 10до уктап эртең менен 7де турмай. Айтор баары катуу режим менен. Спорт жолун тандаганыма эч качан өкүнбөйм! Качан гана мелдештен утуп, мекенибиздин желегин желбиреткенде кыйынчылыктардын баары унутулат.

- Атаандашты жеңүү үчүн катаал мүнөз талап кылынат. Бул нерсе жеке жашоого терс таасирин тийгизбейби?
- Жеке жашоомо мүнөзүм эмес, убакыттын жетишпестиги терс таасирин тийгизет. Спортчулардын 60 пайызынын жеке жашоого убактылары жетпейт. Ошондуктан жүрөгүмдүн ээси азырынча жок.

- Бала кезге кайтып, кызыктуу күндөрдөн кеп салсаңыз?
- 1-класс кезим экен, Нарында чон мелдеш болуп Аскар Салымбековдун жанына олтуруп көрүптүрмүн. Буга Салымбековдун жан сакчылары жол бербей,  анын озү уруксат бериптир.  Ошондон кийин чымыр денелүү ошол жигиттердей болгум келип, алардын спортчу экенин түшүнбөй, бандит болом деп айтчу экенмин. Кандай болгон кундо да бала кезимдеги  максатым орундалды (күлүп).

- Маегиңиз үчүн сизге рахмат. Кыргызстандын желегин желбиретип, ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн!