Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Бекзат Тынчтыкбек уулу: "Шопур болсом деп кыялданчумун"
Күрөш12-декабрь 2017-жыл, вторник. 00:16

Бекзат Тынчтыкбек уулу: "Шопур болсом деп кыялданчумун"

Бала чагынан бери спортту сүйүп, өзүн спортко арнаган кыргыз күрөшүнүн чебери Бекзат Тынчтыкбек уулу менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп ала алдык.

- Саламатсызбы?! Кутмандуу кечиңиз менен!
- Саламатчылык, рахмат сиздин дагы.

- Мен сөздү тамырынан баштагым келип турат. Айтсаңыз спорт чөйрөсүнө кантип келип калдыңыз? Ким себепчи болгон?
- Мен 8-классым да эле спортко аралашкам. Бир тууган агам спорт менен алектенип, көптөгөн ийгиликтерди жаратып, үйгө медалдарды алып келгенин көргөндө менин да кызыгуум артчу. Агамдын артынан ээрчип жүрүп, айылда Мурат деген биринчи тренеримдин колунда өстүм. Окууну аяктап КУУга тапшырып, ал жактан азыркы машыктыруучум Азамат агайды жолуктурдум. Андан жетилип, алты жыл машыктым. Агайларымдын арты менен ийгиликтерге жетип келе жатам.

-Үй-бүлөңүздөн каршы чыккандар да, колдогондор да болгондур?
- Албетте каршы чыккандар да болбой койгон жок, бирок эң негизгиси мага колдоо көрсөткөн ата-энем болду.

- Эң биринчи чыккан мелдешиңиз жана андагы сезимдер менен бөлүшө кетсеңиз?
- Эң биринчи мелдешке мектепке окуп жүргөндө чыккам. Анда жеңип алып, үйгө абдан кубанып жетине албай барганым эсимде. Ошондон кийин спортко болгон кызыгуум ого бетер күч алып, өзүмдү спортко арнап койдум.

- Сиздин 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн "Азия оюндарында" алтын медаль алып, калпак кийип, кыргызча сүйлөгөндөрдү кубандырганыңызды билебиз. Алтын медалдын ээси кандай залда жана кандай шартта машыгат болду экен?
- Биз окуп жүргөндө мектеп окуучулары менен күрөшүп жүрчүбүз. Окууну бүткөндөн кийин чоң спортко аралашып калдык. Биздин машынуу залыбыз жер төлөөдө жайгашып, анысы аз келгенсип ичи тар жана жуунучу жайы да начар. Бул спортчулар үчүн өтө ыңгайсыз. Себеби бөлмөгө таза аба кирип турушу керек. А биздин машыгуучу жайыбызга аба кирбей организмибизге терс таасирин тийгизип жатат. Бирок ошого карабай Азамат агайыбыз ал жактан көптөгөн балдарды тарбиялап чыгарып жатат. Эгер залыбыз талапка жооп берээрлик болсо, анда балдарга ийгиликке жетүү бир кыйла жеңил болмок деп ойлойм.

- Күнүгө машыгууга канча убактыңыз кетет?
- Мен азыр Таласта айылдамын. Кундүз 10:00дон 12:00гө чейин, кечкисин 18:00дан 22:00гө чейин машыкчумун.

- Спорт менен алектенгенден тышкары кошумча каражат табасызбы?
- Мен спорт менен алектенгенден тышкары иштей алган деле жокмун. Себеби дайыма ар кандай мелдештерге катышасын. Спорт чөйрөсүнө киргенден кийин спорт менен гана алектенейин деп өзүм жумушту тандаган жокмун. Агайым айтып калчу "азыр иштеп кереги жок" деп. Мен агайымдын айтканынан чыкпай жалаң спорт менен жүрдүм. Айта кетчү нерсе, мени каражат жагынан агай камсыз кылчу. Иштей турган мезгил келген экен, азыр кошумча каражат таап жатам.

- Балбандардын күч-кубаты тамак-аштан да көз каранды болушу керек. Сиздин тамактануу режимиңиз кандай?
- Негизи балбандар күчтүү тамактар менен тамактанышы керек. Убакыт сааты менен тамактанып, убакыт сааты менен машыгууларды өткөрүп, режимди так сактасаң гана ийгиликке жетсиң. Тамак-аш жактан көп кыйынчылык көрдүк. Күндөлүк тамагыбыз макарон, кукси болчу. Өкмөтүбүз спортчуларга колдоону күчөтсө, чоң ийгиликтер жаралмак.

- Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?
- 2018-жылы Индонезияда Жайкы Азия оюндары болот. Мындан тышкары Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да өтмөкчү. Мына ушул ири мелдештерге даярдык көрүп жатам.

-Бир канча жеңишке жетип, атыңыз оозго алынып калды. Бала кезде белгилүү болсом деп кыялданчу белеңиз?
- Жок мен бала кезимде шопур болом деп кыялданчумун (күлүп). Кийин спортко аралашып алгандан кийин деңгээлим көтөрүлсө, белгилүү спортчулар досум болсо деп кыялданып калдым. Кудайга шүгүр кыялдарым орундалды.

- Убактыңызды бөлүп, кызыктуу маек куруп бергениңизге рахмат! Сизге ийгилик каалайбыз!