Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Турар Абдраимов: "Sports Awards`го илинүү мен үчүн күтүлбөгөн белек болду"
Волейбол09-декабрь 2017-жыл, суббота. 21:02

Турар Абдраимов: "Sports Awards`го илинүү мен үчүн күтүлбөгөн белек болду"

Sports Awards-2017 салтанатында “Мыкты волейболчу” наамына талапкер болуп үчилтике кирген Турар Абдураимов өзү жана карьерасы жөнүндө айтып берип отурду. Абдан токтоо адам болгону менен кызыктуу маек куруп берди. Анда эмесе назарыңыздары бурабыз.

- Саламатсызбы, Турар мырза?
- Саламатчылык!

- Маегибизди биринчиден өзүңүз жөнүндө баштасак…
- Албетте. Мен 1990-жылы 25-июлда Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Чаңгет айылында туулуп-өскөм. Ошол эле айылда Ильяз Жумабаев атындагы орто мектебин аяктагам, андан соң Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин дене-тарбия бөлүмүндө окугам.

- Волейболго болгон кызыгууңуз канча жашыңызда башталды эле?
- Волейболду мектептен 7-8-классымдан бери ойноп келе жатам. Мага чейин агаларым ойночу, ошолорду көрүп “мен да ушундай болсом” деген кыялдар менен аралашып калгам. Андан кийин университетте ойноп жүрдүм. Биринчи ойногон клубум “Жаштык-Сузак" болуп саналат. Ал жакта 2012-жылдан 2014-жылга чейин ойногом. 2015-жылы Оштун “Дархан" клубунда 1 жыл, 2016-жылы Жалал-Абаддын “Динамо” клубунун намысын коргодум. Ал эми учурда “EREM” клубунун катарында оюн көрсөтүп келе жатам.

- Ушул спорттун түрүн тандооңузга ким түрткү болду экен?
- Спорттун бул түрүн тандоомо түрткү болгон адамдар менин агаларым десем болот. Алардын ойногонун көрүп, абдан кызыкчумун. Анан да биздин айыл тоолуу аймак болгондуктан, бизде балдар волейболду көп ойношот. Ошол дагы түрткү болду десем жаңылышпайм.

- Абдан жакшы. Эң алгачкы жолу чемпионатка ойноп чыкканыңыздагы сезимдериңиз кандай болгон? 
- Биринчи жолу чемпионатка ойноп чыкканда бир аз коркуу, толкундануу сезимдери болгон. Бирок ошого карабастан ойноп кеткем.

- Дайыма жеңиш боло бербейт эмеспи, утулуп калган учурлардан кантип чыгасыз? 
- Ооба спортто бирде жеңилесиң, бирде жеңесиң. Күчтүүлөр утат дегендей. Андан кийинки оюндарга мыкты деңгээлде даярданганга аракет кылабыз.

- Ушуга чейин кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?
- Ушул убакка чейин көптөгөн ийгиликтерге жетишкенге үлгүрдүм, бирок чоң ийгиликтерим алдыда деп ойлойм. Жакынкы эле ийгиликтериниз жөнүндө айта кетсем, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын командалар арасында волейбол боюнча VII жолку чемпионатында 1-орунду ээледик жана Улуттук Лигада чемпион болдук. Жакынкы аралыкта С.Чокморовдун элесине арналган мелдеш болгону турат. Ага мыкты деңгээлде даярдык көрүп жатабыз. Бул мелдеште да жеңип чыкканга аракет кылабыз.

- 20-январда Sports Awards-2017 салтанаты өткөнү турат. Ушул тууралуу оюңуз кандай?
- Sports Awards-2017, бул мыктынын мыктысын тандап, электен өткөрүп туруп, сыйлыктарын тапшырат деп ойлойм. Бул саамалык спортчуларга зор стимул берет. Жеке мен үчүн Sports Awards-2017 салтанатында талапкерлердин катарына кошулганым күтүүсүз жагымдуу белек болду.

- “Мыкты волейболчу” деген наамга өзүңүздү татыктуумун деп ойлойсузбу?
- Татыктуумун же татыксызмын деп айта албайм. Эл баалайт, эл чечет.

- Атаандаштарыңыз тууралуу эмнелерди айта аласыз?
- Кыргызстандан мен баалаган 10 волейболчу болсо, мага атаандаш болчу Самат Догочиев менен Темир Муса уулу ошолордун катарына кирет.

- Жакшы. Маегибиздин аягында үй-бүлөңүз тууралуу маалымат берип кетсеңиз?
- Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Мен эң кенжесимин. Менден улуу үч эжем бар, алардын экөө турмушка чыккан. Ал эми ата-энем жөнүндө айта кетсем, атамдын кайтыш болгонуна быйыл 10 жылдын жүзү болду. Апам айылда медпунктта санитарка болуп эмгектенет. Мен билгенден 25 жыл болуп калды. Мүнөзү ачык айрым, ак көңүл, бир нерсени көрө билген, баштаган нерсесин аягына чыккан, акылдуу жан десем жаңылышпайм.

- Жеке жашооңуз тууралуу да 2 ооз кеп...
- Негизи бакыт тынчтыкты сүйөт деп коюшат го. Мен дагы азырынча эч нерсе айтпай эле турайын. Убагы келгенде ачыка чыгат деп ойлойм.

- Убактыңызды бөлүп, кызыктуу маек куруп бергениңизге ыраазычылык билдирем. Сизге ийгилик каалайм!
- Сиздерге да чоң рахмат!