Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
АРЗЫБЕК КОЖОШЕВ: “5-класста чемпион болгом”
Күрөш11-ноябрь 2017-жыл, суббота. 15:18

АРЗЫБЕК КОЖОШЕВ: “5-класста чемпион болгом”

Биздин жаш кезибиз совет доорунда өттү. Ал кезде спорттун түрлөрү аз. Окуучу кезибизде бокс, карате жана күрөш менен гана машыктырчу. Алгач, күрөшкө бардым. Кийин жол алыстыгынан, грек-рим күрөшүнө катышып калдым. Машыктыруучум Немат Камиловичтин кол астында 5-класста 35 кг салмакта Ош шаарынын чемпиону болдум. Ошондо, эң алгач атама мактанып келгем. Атамдын кубанычын айтпаңыз.

-       Саламатсызбы, Жалал-Абаддагы жападан жалгыз “усулдук борборду” түзүүгө кошкон салымыңыз чоң экен. Мына ушул тууралуу айтып берсеңиз?

-       Жалал-Абаддын жетекчилиги атайын демилге көтөргөн. Мен ал кезде министр болуп турган чагым. Бул демилге өкмөт мүчөлөрү тарабынан да колдоого алынган. Өзүм экономика жаатында иштесем да, карьерамды спорттон баштагам. Кыргыз спортун көтөрүү, спортчуларыбызды колдоо максатында 3 миллион сом бөлдүртүп бергем. Бул эмгегим менен чынында сыймыктанам. Себеби, Жалал-Абад кыргыз спортунун бир канаты да.

-       Башка облустарда абал кандай?

-       Жалал-Абадда чыныгы патриот жана кечипкөй спортчулар эмгектенет. Бир кездерде кыргыз спорту жоголуп кетүү коркунучунда да калган эле. Мына ошол учурда бул аймактагы спортчулар катуу эмгектенип, кырдаалдан чыгып кете алышты. Кыргыз спортун көтөрүп кете алды. Ал эми башка аймактардын жетекчилиги Жалал-Абаддын жетекчилиги көтөргөн маселелерди көтөргөн жок.

-       Ошто спорт кандай өнүгүп жатат деп ойлойсуз?

-       Ош шаары спорт боюнча азыркыдан да көбүрөөк ийгиликтерге жетишсе болмок. 2008-жылы спорттук мектеп курууга деп 20 миллион сом бөлүнгөн. Тилекке каршы, бул каражат максатсыз пайдаланылып, ал мектеп да курулбай калган. Ал эми бүгүн Ошто спорт жакшы өнүгүп келатат. Мисалы, ФИФАнын футбол академиясынын курулушу – чоң жетишкендик. Мындай академия .Ысык-Көл, Талас же Чүйгө деле курулуп калса жакшы болмок. Бирок, Ош шаары мындай спорттук мектепке абдан муктаж эле. Ошондуктан, футбол академиясынын Ошто курулушунун да өзүнө ылайык мааниси бар.

-       Спорттук карьераңыз тууралуу сүйлөшсөк. Грек-рим күрөшү менен машыгып калганыңызга эмне түрткү болду?

-       Биздин жаш кезибиз совет доорунда өттү. Ал кезде спорттун түрлөрү аз. Окуучу кезибизде бокс, карате жана күрөш менен гана машыктырчу. Алгач, күрөшкө бардым. Кийин жол алыстыгынан, грек-рим күрөшүнө катышып калдым. Машыктыруучум Немат Камиловичтин кол астында 5-класста 35 кг салмакта Ош шаарынын чемпиону болдум. Ошондо, эң алгач атама мактанып келгем. Атамдын кубанычын айтпаңыз. 1980-жылдар болчу. Ошол убакта Орусияда чемпионат өтүп жаткан. Кечинде атам экөөбүз сыналгы көрүп отурсак, Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча чемпион аталып калды. Бул менин балалыгымдагы эң таасирдүү жана эсте калаарлык учурларым болуп калды.

-       Спорттон кандай досторду таптыңыз?

-       Ыраматылык Раатбек Санатбаев менен жакын дос элек. 7-класста окуп жүргөндө, экөөбүз күрөшө кетип мен аны утуп алгам. Дос катары көп күрөшүп жүрчүбүз. Ал кезде спортчуларды чоң муштум деп жаман көрүшчү. Ошондо, досум экөөбүз спортчу болуу – сыймыктуу экендигин көрсөтөбүз деп антташкан элек. Тилекке каршы, досумдун өмүрү кыска экен. Досумдун жетпей калган максаттарын орундатууну мойнума алып, спортту өнүктүрүүгө салымым кошуп келем.

-       Сиз жетектеген грек-рим күрөшү федерациясы тууралуу айтып берсеңиз?

-       Федерацияга 2004-жылы келгем. Бул федерация алгач Ошто өз жемишин бере баштаган. 2009-жылы республикалык федерацияны жетектеп калдым. 2010-жылы Москва шаарында дүйнө чемпиондугунда Данияр Көбөнов коло медаль тагынды. Ошол эле жылы октябрь айында Гуаньчжоуда өткөн Азия оюндарында кыргыз спортундагы алгачкы алтынды Көбөнов алып келди. Мындан сырткары, Урмат Аматов, Акжол Махмудов аттуу жигиттерибиз бүгүнкү күндө да кыргыз спортун алдыга сүйрөп келатат.

-       Спорттогу ийгилик формулаңыз?

-       Тилектештик. Аны менен бирге реалдуулук. Мурда бир жыйынтыкка жетүү үчүн спортчунун жашын жашырчу. Азыр болсо, грек-рим күрөшүндө спортчулар өз жашында гана күрөшөт.  Анан барына шүгүр кылуу керек. 2013-жылдан баштап, спортчуларга көңүл бурулуп баштады. Шамшыбек Абдыкеримовдун колдоосу менен спортчуларыбыз Арсенге, Айсулууга үй берилди.

-       Кыргыз спортун кандай система көтөрүп кетмек?

-       Эгер бул милдет мага жүкөлсө, моңголдор сыяктуу бокс, эркин күрөш, дзюдо, жаа атмай, штанга көтөрүүгө гана каражат бөлмөкмүн. Себеби, командалык оюндарга караганда, бул түрлөргө каражат да азыраак жумшалат, жыйынтыгы да жакшы болот.

-       Учурда аялдар күрөшүнүн популярдуулугу артып жатат...

-       Замандын агымына жараша. 1996-жылдары эркин күрөш, андан кийин грек-рим күрөшү, азыр аялдар күрөшүнө кезек келди. Уучубуз куру эмес. Азия оюндарында Алтынай, Нурзат деген кыздарыбыз алтын, күмүш медалдарды алып беришти.

-       Келечекке кандай пландар бар?

-       Келе жаткан Азия, дүйнөлүк жана Жапонияда өтө турган олимпиадаларга кызуу даярданып жатабыз.

-       Ийгилик.