Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
ИСКЕНДЕР МАТРАИМОВ: “Спортко көңүл буралы, шарт түзөлү”
Футбол22-сентябрь 2017-жыл, пятница. 16:57

ИСКЕНДЕР МАТРАИМОВ: “Спортко көңүл буралы, шарт түзөлү”

Ош облусунун Папан айыл өкмөтүндө футбол аянтчасы ачылды. Жаштардын суранычын “Ысмайыл ата Матраимов” фонду орундатып, каржы маселесин чечип берген.

Ош облусунун Папан айыл өкмөтүндө футбол аянтчасы ачылды. Жаштардын суранычын “Ысмайыл ата Матраимов” фонду орундатып, каржы маселесин чечип берген. Салтанаттуу ачылышка аталган фонддун негиздөөчүсү жана ЖК депутаты Искендер Матраимов катышты. Ошондой эле, ЖК депутаты Нурбек Алимбеков, мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев жана жергиликтүү жетекчилер салтанаттын кадырлуу коноктору болушту.

“Ысмайыл ата Матраимов” фондунун жетекчиси Искендер Матраимов белгилегендей, Папандын жаштары спортко көбүрөөк көңүл бурууну жана шарт түзүп берүүнү өтүнүшкөн. Жаштардын бул суранычын “Ысмайыл ата Матраимов” фонду орундатты.

Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрматбек Исмаиловдун айтымында, келерки жылдарга пландар абдан чоң. Мисалы, аянты 3 гектарды ээлеген ат майданын куруу мерчемделүүдө. Мындай жол менен Папан айыл өкмөтүндө спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүгө да басым жасалууда.

Аталган айыл өкмөттүн валейбол боюнча курама командасы көп мелдештерде алдыңкы орундарды багынтып келет. Мисалы, 2016-жылы Кара-Суу районунун айыл өкмөттөрүнүн арасында болгон мелдеште Папан курамасы 1-орунду багындырган эле.

Футбол аянты ачылган күнү да валейбол боюнча оюн болду. Баш байгеге 50 миң сом коюлду. Оюн эки баскычтан турду: 40 жашка чейинкилер арасында жана 40 жаштан жогоркулар үчүн.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН: Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтү 10 айылды камтыйт жана калкынын саны 17 миңди түзөт. Аймактын жылдык кирешеси 18 млн 300 миң сом. Акыркы бир нече жылдар аралыгында айыл өкмөттө 4 мектеп, 3 ФАП, 3 мечит жана бир оорукана курулган. 12,5 чакырым жолго асфальт төшөлүп, көчөлөр жарыктандырылууда. Союз убагында курулган Папан айыл өкмөтүнүн имаратын оңдоп-түзөөгө  жергиликтүү бюджеттен 3 миллион сом бөлүнүп, капиталдык ремонттон өтүп жатат. 2017-жылы жергиликтүү бийлик чек ара маселелерин чечүүгө үлгүргөн. Папан айыл өкмөтү тургундарга кам көрүп, жаңы жер тилкелерин берип жатат.