Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Эмилбек Акунов: «Москвада зал ачканда көп кыйынчылыктар болду»
Күрөш12-сентябрь 2017-жыл, вторник. 11:15

Эмилбек Акунов: «Москвада зал ачканда көп кыйынчылыктар болду»

Эмилбек Акунов мырза, 2015 жылы Москва шаарында «Бостон» деген спорт клубун ачып, жаш спортсмендерди машыктырып, Россиядагы кыргыз спортчуларды бириктирүүгө аракет кылып жатат. Topsport, Эмилбек мырза менен маек куруп, анын иш-аракеттери жөнүндө сүйлөштү.

Кыргыз спортчулары Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да өнүгүп келишет. Эмилбек Акунов мырза, 2015 жылы Москва шаарында «Бостон» деген спорт клубун ачып, жаш спортсмендерди машыктырып, Россиядагы кыргыз спортчуларды бириктирүүгө аракет кылып жатат. Topsport, Эмилбек мырза менен маек куруп, анын иш-аракеттери жөнүндө сүйлөштү.

 

-Эмилбек мырза, зал жөнүндө айтып берсеңиз, аны ачууда кандай кыйынчылыктар болду?

-Ачылышын 2015 жылы, 15 августта өткөргөм. Биз азыр залда эрежесиз эр уруш, самбо жана грэпплинг күрөшү менен машыгабыз. Ушул күнгө чейин эч кандай жардамы жок аракет кылып келе жатабыз. Москвада зал ачканда көп кыйынчылыктар болду. Мисалы, ижарага акча таба албай, окуучуларымды мелдештерге алып бара албай, көп спортсмендеримдин акчасы жетишпегендиктен алардын жол кире, тамак ашына каражат берип турчу элем. Барына колуман келишинче жардам берип, аракет кылып машыгып жүрдүк. Залда кыргыз, өзбек спортсмендер машыгышат.

 

-Спорт дүйнөсүнө келүүгө ким же эмне түрткү болду?

-Мага спортко түрткү болгон адам – бул атамдын бир тууган иниси Чынгыз агам. Агамдын мээнети күчтүү болгон. «Спорт менен машыксаң ден соолугуң чын болуп, жашоодо да кыйналбайсың, жаман жолдон алыс болосуң», - деп Чынгыз агам айткан сөздөрү дале кулагымда жаңырып турат. Эми эстесем, ал адам мени туура жолго салыптыр, мен ыраазымын.

 

-Сиздин оюңузча спортсмендин мүнөзү кандай болуш керек?

-Менин оюмча, ар бир спортсмендин мүнөзү жөнөкөй, токтоо, ачуулукка алдырбаган, эрктүү, өжөр жана намыстуу болуш керек. Спортто, алдыңа жакшы максат коюп, ошого жетишкенге өтө күчтүү аракет кылыш керек, «аракетке – берекет» деген кыргыздын сөзү бар эмеспи! Кыргызды дүйнөгө таанытып, желегин бийикке көтөрөм деген ниет болсо, спортсмендер чоң нерселерге жете алышат деп ойлойм.

 

-Алдыга кандай максаттарды коюп атасыз?

-Спортто өзүм жетпей калган ой-максаттарыма ушул окуучу балдарымды жеткирсем дейм. Элим дүйнө жүзүнө таанылып, желеги желбиреп, өлкөбүздүн гимни ырдалып турсун деген принцип менен жашайм.

 

-Өсуп келе жаткан спортсмендерге болгон каало-тикелтериңиз.

-Жаштарга кааларым, биринчиден ата-энесин, бир туугандарын сыйлап, ичимдик- чегимдиктен алыс болуп, спорт менен машыгып, элине кереги тийген жакшы инсандардан болушсун! Өзүнүн жашоосунда жаман жолдо эмес, жакшы жолго умтулуп, жакшы жаштардан болушсун деп каалап кетер элем. Сиздерге да чоң рахмат, ушинтип эл кызматында жүрөсүздөр! Сиздердей ыймандуу, эл керегине жараган уул-кыздарыбыз көбөйө беришсин!

 

-Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз! Иш чараңыз өркүндөй берсин!