Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Легендарлуу ФК «Алай» бүгүн кандай абалда?
Футбол25-август 2017-жыл, пятница. 14:31

Легендарлуу ФК «Алай» бүгүн кандай абалда?

«Алай Ош» - Ошто жайгашкан кыргыз футбол клубу. Ал 1960 жылы Оштун биринчи футбол командасы болуп түзүлгөн.

«Алай Ош» - Ошто жайгашкан кыргыз футбол клубу. Ал 1960 жылы Оштун биринчи футбол командасы болуп түзүлгөн. 1967 жылдан бери экономикалык акыбал оор болгон мезгилде, жаңы спонсорлор келгени менен, «Алай» атына ар кандай кошумчалар пайда болгон - «Алай Ош пирим», «Алай Динамо». 1965 жылы «Шахтёр» деп аталган.

Аты өзгөрүлгөну менен, негизи калып, легендарлуу «Алай» сакталып ойноп келе жатат. Кыргызстандын көп футбол командалары убагында стадиону жок калышкан. Ошол кездерде «Алай» командасы озүнүн стадиону менен биримдикте калды. Команда деңгээлиндеги стадиондордун арасында Сүйүнбаев атындагы стадион эң чоң болуп эсептелет. Оюндарга ар дайым 3000ден 10 000ге чейин күйөрмандар келип колдоп турушат.

«Алай» ФКнун медиа-офицери, Кубанычбек Ураимов Top Sportко команданын футболчулары жана пландары жөнүндө айтып берди.

- Кубанычбек мырза, «Алай» клубунда Кыргызстандын мыкты футболчулары ойноп келет. Спортчулар жөнүндө айтып берсеңиз.

- Командабызда 20 ашык футболист ойнойт, алардын бары жөнүндө айтыш үчүн бир интервью жетпей калат (күлүп). Ошондуктан, таанымал футболисттер жөнүндө кыскача айтып берейин.

Биринчиси – дарбазачыбыз А.Махкамовду, «Таджикская стена» деп коебуз. Ал Таджикистандын жараны, өлкөсүнүн футбол курама камандасынын негизги дарбазачысы болот. Бизде экинчи сезон ойноп жатат. Кыргызстан чемпионатында эң тың дарбазачы деп эсептейм. Чабуулдук линияда гвинеялык легионер Алиа Силланы айтпай кетсек болбойт. Ал үч жылдан бери Кыргызстандын эң жакшы бомбардири болуп келе жатат. Францияда өскөн мусулман жигит. Былтыр ал эң мыкты чабуулчу деп приз да утуп алган.

Универсалдуу оюнчубуз, Максат Алимовду - «Оштун ракетасы» деп атайбыз. Ал өтө ыкчам, тез ойноп, каршы команданын оюнчуларынын башын башаламан кылып айлантып коет. Футзалда да Кыргызстандын «Терме» жана Оштун «EREM» командаларынын эң күчтүү чабуулчусу болуп эсептелет.

Орто линияда, жарым коргоо позициясында - Муралим Ахмедов. Муралимдин голдору аябай кооздугу менен айырмаланат. Жакшы пастарды берет, кооз голдорду киргизет. Оор окуяларда тыкаандык менен так ойногондуктан, былтыр эң кооз голун киргизген үчүн, ал приз утуп алган.

-Футболчуларды кандай негизде тандайсыздар?

-Өзүбүздүн командага оюнчуларды өзүбүз даярдайбыз. Кээ бир позицияларды аябай күчтүү кылмайынча футболдо жогорку ийгиликке жете албайсың. Ошондуктан ал позицияаларга сырттан да оюнчуларды издейбиз. Көбүнчө, Өзбекстандан, Таджикистандан. Футбол агенттери мындайда аябай керек болот. Алар жакшы футболисттерди издеп, табып, тактап беришет. Бизде абдан сапаттуу легионерлер ойношот.

Сүйүнбаев атындагы стадиондо, административдик курулуш бар. Ал жерде жата кана, аш кана бар. Чет өлкөдөн, башка шаарлардан келген футболисттер оюндар уюштурулганда ушул жерде жашашат. Клубтун ичинде биз өзүбүздүн спортсмендерибизди, ошондой эле чет өлкөлүк легионерлерди даярдайбыз. Өзүбүздүн спортсмендерибизди даярдоо үчүн, Ош облусунда спорт мектеби бар. Биз күчтүү спортчуларды байкап, озүбүздүн клубубузга которуп алабыз.

-Азыркы убакытта клуб кандай максаттарга умтулуп келет?

-Биринчиден Супер кубокту жеңдик. Буюрса чемпионатты да жеңебиз. Кыргызстандын кубогун да жеңүүнү максат кылып коюп жатабыз. Быйыл чемпионаттарды «Алай» аябай жакшы өткөрүп жатат. Сырткы чемпионаттарда Азия футбол конфедерациясында катышат, ал официалдуу азия футбол командаларынын оюну. Ага «Алай» командасы тандоо оюну (отборочная игра) жок эле өттү.

 

Айта кетсек, «Алай» футбол клубунда футболчулар менен үч машыктыруучу иштейт. Алардын бири, 1982-жылкы Айбек Таатанов, «Алайда» тарбияланып келген.