Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Кыргызстанда алгачкы жолу айымдар арасында алыш күрөшүнүн гран-приси ойнотулду
Күрөш01-июль 2017-жыл, суббота. 03:54

Кыргызстанда алгачкы жолу айымдар арасында алыш күрөшүнүн гран-приси ойнотулду

29-июнда Оштогу Баяман Эркинбаев спорт комплексинде кыздар арасында алгачкы жолу Эл аралык гран-при ойнотулду. Маалым болгондой ушул жылы старт алган спорттук саамалык Алай Ханышасы Курманжан датканын жаркын элесине арналды.

Жалпы 11 өлкөдөн 100дөн ашуун спортчу айымдар 6 салмактык категорияда күч сынашты. Мелдештин жүрүшүндө ар бир спортчу 3төн беттеш өткөрүп чемпиондор аныкталды. Кыздар арасында беттешти калыс өткөрүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк алыш бел боо күрөш федерациясы Израиль, Латвия, Голландиядан атайын калыстарды чакырган. Ошол менен катар "Курманжан датка" фондунун төрайымы Жылдызкан Жолдошева жана жергиликтуу  бийлик өкүлдөрү конок катары катышышты. Жыйынтыгында Өзбекстандын спортчулары 4, Эстония 2, Грузия 2, Кыргызстан 2ден медал тагынышты. Мелдештин жүрүшүндө, өзгөчө ыкмалар менен татыктуу оюн көрсөткөндүгү үчүн мекендешибиз Алтынай Мамаюсуп кызына  Жылдызкан Жолдошева  баш байгээни тапшырды.

Кыздар арасында алыш күрөшү боюнча Эл аралык мелдешти өткөрүү идеясы апам Чолпон Султанбековага таандык. Буга чейин көптөгөн мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиреткен кыздарыбыз да арбын. Эл аралык кыздар күрөшүнүн  максаты 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына кыздардын алыш күрөшүнүн кошулушу каралууда. Мына ошого татыктуулар тандоо баштадык. Бул менен катар мындан ары Курманжан датка атындагы кыздар Алыш  күрөшү өз арышын улантат.                               Биринчи жолу өткөн Эл аралык мелдеш биз ойлогондон да  кызыктуу болду. Мекендешибиз Алтынай Мамаюсуп кызынын профессионалдык деӊгээлде оюн көрсөтүп Ирандык атаандашын көтөрүп чапканы көрүүчүлөрдүн купулуна өзгөчө толду. Мен ойлойм, кыздарыбыз ушул темпте күрөшсө Алыш күрөшү боюнча Олимпиада чемпиону чыгышына шегим жок”, - дейт мелдештин уюштуруучусу Адилет Эркинбаев.