Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Кылыч Жолдошев: “Волейбол – учурдун популярдуу спорттук оюну”
Волейбол28-июнь 2017-жыл, среда. 04:29

Кылыч Жолдошев: “Волейбол – учурдун популярдуу спорттук оюну”

Акыркы 5 жыл ичинде волейбол өлкөдө тездик менен өнүгүп жатканы кубантпай койбойт. Волейбол сүйүүчүлөрдүн саны артып жеке демөөрчүлүктүн колго алгандар четтен чыгат. Топ менен ойнолгон спорттун бул түрү менен Кылыч Жолдошев бизге ой бөлүштү.

-         Сиз жетектеген волейбол жааты кандай өнүгүүдө?

-         Баардык нерсенин тарыхы бар дегендей, мен алгач кыргыз волейболунун жаралуу тарыхынан айтып кетейин. Эгемендик алган жылдары спорт эмес, курсакты багуу биринчи орунда турган. СССР дин тарашы волейболго да өз кедергисин тийгизди. Бир топ мыкты оюнчулар, командалар жашоонун сүртүмүнө жараша кесиптерин алмаштырып кетишти. Волейбол федерациясынын аты 2002-жылы түзүлсө, заты 2012-жылдан бери жыйынтык көрсөтүп келүүдө.  Бүгүнкү тапта календардык план боюнча жылына өткөрүлүүчү 4 тур бар. Алгач түштүк региондогу 5 команда арасында тандоо туру өтөт. Ал эми жаштар  командалары үчүн сентябрда жана декабрда жыйынтыктоокчу турлар болот. Бишкекте да 4 турдан өтсө, улуттук лигада ойношот.

-         Улуттук лигада ойногон сиз жетектеген командаларбы?

-         Улуттук лигада ойногон мыкты командалар “Ерем” жана “Дархан Ош”. Өткөн жылы Азиянын борбордук зона боюнча чемпион аталышты, ага удаа Мальдивыда болгон мелдеште да мыкты болуп беришти.Азия волейбол федерациясынын мыкты оюнчу номинациясына да “Дархан Оштун”  жигити татыды.  Баса белгилей кетчү нерсе өткөн жылы С.Чокморовдун турнирин, улуттук лиганын чемпиондугун  Ошто өткөрүп алдык. Албетте, бул саамалыктарды волейболдун өнүгүүсү деп айта алам.

-         Командалык курамды кантип, кандай талаптар менен түзөсүӊөр?

-         Башка спорт түрүнө караганда волейбол эӊ жөнөкөй, медициналык текшерүүлөр, салмактык өлчөмдөр жок.  Болгону баамдык менен команда түзүлөт. Мектеп курактан топту жакшы ойногон балдарды чакырып, оюнчу менен шарттуу түрдө 5 жылга келишим түзүлөт. Бир команда болгондуктан, оюнчу үчүн колдон келген баардык шарттар түзүлөт. Окууга киргизип, жумуш менен камсыздоону колго алабыз. Ошондой эле чет жака Россия, Казакстанда келишим түзгөн оюнчуларыбызда арбын.

-         Кыздар арасындагы волейбол командаларынын мыктысы кайсылар?

-         Кыздар арасында Ош облусунун “Алай Датка” командасы күчтүү. Көп жылдан бери республикалык биринчиликке ат салышып, алдыӊкы орундарда келе жатышат. Үстүбүздөгү жылдын май айында Ош шаарынын мэринин баш байгеси 30 000 сомду утуп алышты.

-         Волейбол машыктыруучулар менен спорттук мекемелер жетиштүүбү?

-         Машыктыруучулар жетиштүү, анткени биз атайын чет жакта жүргөн волейбол устаттарын кыргыз спортун өнүктүрүү үчүн чакыртканбыз. Аларга кайрылуубуздун себеби – илим-билимдуу, тажрыйбалуу. Кантсе да совет доорундагы волейболдун даамын таткан адискөй кишилер. Волейбол үчүн залга келе турган болсок, Ошто “Конурат” жана “Газпром” заманбап залдарыбыз иштейт. Буюрса жаӊы курулуштар көбөйүшүнө ишеним чоӊ.

-         Өзүӊүз дагы волейболго жөн жай келген эместирсиз, негизи эле сиз жетектеген Ош ИИБдө да командалар барбы?

-         Милиция болушума волейболдун салымы бар. Мектеп жашымда айылда, андан ары Ноокат районунун мыкты командасында ойногом. Биздин ИИБдө да жумасына 3-4 жолудан волейбол ойнотулат. Өткөн жылы  борбордо  ИИМдин арасында өткөн мелдеште чемпион болдук. 

-         Азия чөлкөмүндө теӊ ата-тайлашкан, кыргыз волейболуна демөөрчүлөр көптүр?

-         Волейбол – учурдун популярдуу спорттук оюну. Мындан бир аз илгери  “Билайн”, “Мегаком” сыяктуу беделдүү компаниялардын салымы зор болгон. Ошондой эле капчыктуу жарандар четте карап турбай, жардамдарын беришет.