Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
24
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Ошто баш байгеге 1 миллион сом коюлган волейбол жана футбол мелдеши жыйынтыкталды
Футбол15-май 2017-жыл, понедельник. 14:13

Ошто баш байгеге 1 миллион сом коюлган волейбол жана футбол мелдеши жыйынтыкталды

Ош облусунун Кара-Cуу районунда 5-майда башталган спорттук мелдеш, 9-май Жеӊиш майрамын утурлай жыйынтыкталды. Салттык спорттук мелдеште райондун 18 командасы волейбол жана кичи футбол боюнча күч сынашты.

Баш байгеге 1 миллион сом акча коюлган волейбол жана футбол боюнча мелдешке 18 команда катышты. Каражаттын 600 миң сому волейболго бөлүнсө, калган 400 миң сом кичи футболдун жеңүүчүлөрүнө аталды. "Ысмайыл Матраимов" кайрымдуулук фондунун төрагасы Руслан Матраимов билдиргендей, мындай байге сайылган оюн жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, алдыга карай умтулууга стимул берет. 

Демек, оюндун жыйынтыгында: 

Волейбол боюнча: 

I-орун – Жоош айыл өкмөтү (200 миӊ сом);                                                      

II-орун – Сары - Колот айыл өкмөтү (150 миӊ сом);                                                                                                  

III-орун – Жаӊы-Арык айыл өкмөтү (100 миӊ сом).

Кичи футбол боюнча:                                                         

I-орун – Кара-Суу шаары (120 миӊ сом);                                         

II-орун – Жоош айыл өкмөтү (80 миӊ сом);           

III-орун – Сарай айыл өкмөтү (60 миӊ сом);                  

IV-орун – Савай айыл өкмөтү (40 миӊ сом) 

"Кара-Суу" командасынын капитаны Тариэль Раззаков: «Биздин команда биринчи жолу футбол талаасына чыгып жатканыбызга карабай биринчиликти багынттык. Албетте, команда үчүн күтүүсүз болду. Команданын жеңишинде Ахлидин Исраиловдун салымы чоӊ, анткени ал  Кыргызстандын курама командасында ойноп келген. "Ысмайыл Матраимов" кайрымдуулук фонду жакшы демилгени колго алганын белгилеп өткүм келет". 

Мындан сырткары, "Мыкты оюнчу", "Мыкты дарбазачы", "Мыкты чабуулчу" жана "Мыкты күйөрман" да аныкталып, аларга акчалай сыйлыктар ыйгарылды. 

Кайрымдуулук демекчи, Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылынын Улуу Ата Мекендик согуштун 8 ардагерине сыналгылар тапшырылды. Андан сырткары, аймактагы социалдык маселелерди чечүү да колго алынып, колу жука үй-бүлөлөргө жана "эң жакшы" деген бааларга окуган мектеп окуучуларына акчалай жардамдар берилди. 

Эскерте кетсек, аталган райондо волейбол жана футбол боюнча мелдеш алтынчы ирет өткөрүлүүдө.