Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Дени сак Алай!
Волейбол17-апрель 2017-жыл, понедельник. 20:31

Дени сак Алай!

“Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү” жана дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош облусунда бир катар иш-чаралар өттү.

“Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү” жана дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош облусунда бир катар иш-чаралар өттү. Мисалы, Алай районунда 6-апрель күнү массалык жеңил атлетика боюнча мелдештер болду. Аталган спорттук майрамга Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы И. Ташкулов, Алай райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Г. Алыкулова, Ош облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Т. Камчыбеков жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Иш-чарага 400дөн ашык адам катышты. Мелдештин эрежеси төмөнкүдөй болду:

1-этап: 18-25 жашка чейинкилер арасында болуп, эркектер 1500 метр, ал эми кыз-келиндер 1000 метрге чуркашты;

2-этап: 26-45 жашка чейинкилер арасында болду. Эркектер 1000 метрге, ал эми аялдар 500 метр аралыкка чуркашты;

3-этап: 46-70 жашка чейинкилер. Эркектер 500 метр, аялдар да 500 метрге чуркашты.

   Ал эми Чоң-Алай районунда өткөн жеңил атлетика боюнча болгон мелдешке 100 адам катышты. Волейбол турнирине 25 команда оюн көрсөтүштү. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана дипломдор берилип, сый-тамак уюштурулду.