Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Алтынай Мамарасул кызы: “Маңдай тер менен келген жеңиш теңдешсиз”
Күрөш10-март 2017-жыл, пятница. 15:41

Алтынай Мамарасул кызы: “Маңдай тер менен келген жеңиш теңдешсиз”

8-март Эл аралык аялзатынын күнүнө карата эркектерден кем калышбай спорттук ийгиликтерди ийилткен Алтынай Мамарасул кызын кепке тарттык.

-         Салам, Алтынай, 8-март майрамың менен! Кандай жаңылыктар менен бөүшөсүң?

-         Саламатчылык, рахмат, бирге болсун. Жалпыга маалым, өткөн 2016-жыл мен үчүн жемиштүү жыл болду. Анткени Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Алыш бел боо күрөшү боюнча күмүш медал тагынсам, декабрь айында Белорусияда өткөн дүйнө кубогунда алтынга жетиштим. Жыл башында Премьер-министр Сооронбай Шариповичтин кабыл алуусунда баалуу белектерге ээ болдум. Кичинекей көңүл буруу да чоң стимул берет экен, сүйүнүп калдым.

-         Негизи, сен алгач эркин күрөш менен машыгып жүргөн экенсин, Алыш күрөшкө ыктаганыңдын себеби?

-         Ооба, өзүмдүн туулган жерим Кара-Кулжа районунун Тоготой айылында ырамаатылык спорттогу биринчи устатым Кубаныч Таштанбековдун колунда Эркин курош боюнча жары жылдай машыктым. Тилекке каршы, агай кайтыш болуп калды. Мен анда 7-класста гана окучумун. 8- класстан баштап Бишкекте окуумду улантып спорт интернатта карьерамды уланттым. Эркин күрөштөн кетишимдин себеби интернаттагы бөлүнүп, жарылуу болду. Эмнегедир, курама командага менден жеңилген кыздар ойноп, мага ачык эле бут тосуулар чегинен ашты. 11ди бүтөөрүм менен Ошко келип, Мухаммед Абитовдун колундамын.

-         Бут тосуп жатса да, Көчмөндөр оюнуна катышканың кызык.

-         Көчмөндөр оюну боюнча эч ким мага маалымат берген эмес. Эл катары интернеттен көрүп калдым. Спорттук шансты өткөрүп жибергим келбей, федерация өкүлү Кабыл Борубаевдерге чалдым. Алардан мүмкүнчүлүк алгандан кийин, Алыш күрөшү боюнча 12 күн гана машыгып жыйынтыгында Туркмөнстандык 33 жаштагы спортчудан жеңилип, 2-орунга татыдым. Мелдештен кийин атаандашым менен таанышсам: “Сен ушунчалык Жаш туруп мени менен кармаштыңбы? Эртерээк билсем алтын медалды сага эле карматмакмын”, -  деп кейиди. Мен анда 18 гана жашта болчумун, эгер атаандашым жаштыгымды аяп, медалын берсе да алмак эмесмин. Маңдай тер менен келген жеңиш теңдешсиз.

-         Жыл аягындагы бешене тер төккөн алтындын даамын сезип жатасынбы?

-         Белорусияда өткөн дүйнөлүк кубокто 70 кгда жеңишке жеттим. Андагы сезимдер мен үчүн кыялым болгон. Майлуу-сүттүү болуп, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинде Алыш бел боо курошу боюнча машыктыруучу болуп иштеп жатам. Учурда алты кызга тажрыйбамды бөлүшүп жаткан убагым.

-         Алдыда кандай пландар бар?

-         17 март Алыштын негиздөөчүсү, маркум Баяман Эркинбаевдин 50 жылдыгына арналган Республикалык чемпионат өтөт, кызуу даярдыктамын. Ал эми 2020-жылы Жапондо өтүүчү олимпиадалык оюндарда жеңип келсем, Ошто Алыш күрөшү боюнча кыздар үчүн зал ачуу – эң чон кыялым бар.

-         Кыялың орундалышына биз да тилектешбиз. Ийгилик!