Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Ошто футбол боюнча чемпионат старт алды
Футбол07-март 2017-жыл, вторник. 11:21

Ошто футбол боюнча чемпионат старт алды

Футбол боюнча быйыл да Ош шаардык жана облустук чемпионаты старт алды. Январь айында башталган мелдеш ар бир аптанын ишемби, жекшемби күндөрү гана ойнотулуп, 11 мартта жыйынтыкталат.

Футболдун чемпиондугуна жалпысынан 18 команда катталып, 6 команда жогорку лигада ойнойт. Командалар үчүн быйылкы мелдештин талаптары күч. Буга чейин форма жаатында кемчиликтер жана оюнчунун атайын лицензиясы болгон эмес. Өткөн жылда жогорку лигада 8 команда болсо, анын экөөсү талапка жат кылыктарынын айынан футболдон четтетилген.

«Быйылкы Оштун чемпиондугун өткөрүү өзгөчөлүктөр жаӊычылдыктар менен айырмаланат. Буга чейинки чемпионатта көзөмөл болгону менен жетиштүү деӊгээлде оюн болбой келген. Эӊ алгач – взностун баасы жогорулаттык анын себеби жеӊүүчүлөр үчүн сыйлыктар да баалуу болот. Ошол эле форма маселесин толугу менен камсыздалган командаларды гана иргеп оюнга мүмкүнчүлүк берилди. Ал эми калыстарды атайын бир жылдык окуудан өткөрүп документтерин даярдаганбыз. Анан эӊ чоӊ жаӊылык – командалардын ар бир оюнчусуна лицензия чегердик. Ансыз оюн талаасына чыгууга укугу жек. Эгерде кызыл карточка алса да лицензиясынан ажыраталылат. Негизинен, быйылкы салттык мелдешке тыкыр көзөмөл болот», - дейт Кыргызстандагы футбол лигасынын түштүк регионундагы өкүлү жана оюндун уюштуруучусу Тимур Абдуллаев.

Эскерте кетсек, Ош шаардык жана облустук чемпионаты быйыл 11 жолу өткөрүлүп  жатат.