Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
15
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Жаш валейболчу Мадина Абдураимова: «Мыкты спортчу болгум келет»
Волейбол02-ноябрь 2016-жыл, среда. 21:40

Жаш валейболчу Мадина Абдураимова: «Мыкты спортчу болгум келет»

Topsport.kg ийгиликтүү спортчулардын жаңылыктары менен гана бөлүшпөстөн, чоң спортко багыт алган жаш улан-кыздардын да кенен интервьюларын чыгарып келет. Бул келечектеги спортчуларга стимул берүү аракети. Ошентип, Бишкек шаарында жашап, спорт менен машыгып, жакында эле валейбол боюнча өз командасы менен Бишкек шаарынын биринчилигин багынткан, Баткен облусунун кызы Мадина Абдураимова менен маектешкенбиз.

Topsport.kg ийгиликтүү спортчулардын жаңылыктары менен гана бөлүшпөстөн, чоң спортко багыт алган жаш улан-кыздардын да кенен интервьюларын чыгарып келет. Бул келечектеги спортчуларга стимул берүү аракети. Ошентип, Бишкек шаарында жашап, спорт менен машыгып, жакында эле валейбол боюнча өз командасы менен Бишкек шаарынын биринчилигин багынткан, Баткен облусунун кызы Мадина Абдураимова менен маектешкенбиз.

- Саламатсыңбы Мадина. Спорт менен качантан бери достошуп жүрөсүң?

- Саламатсыздарбы. Мен азыр борбор калаабыздагы Арча-Бешик жаңы конушунда орто мектепте 9-класста окуйм. Мектепте өтүүчү түрдүү иш-чараларга катышып жүрүп эле, спортко келип калдым. Алгач, класстар арасында ойнодук, андан соң мектептер аралык мелдештерге катыштык. Командабыз менен сабактан бошогон учурда эле, мектептин спорт залына кирип алып машыгып жүрдүк. Ошентип, 5-6-классымдан баштап толугу менен валейбол ойноону чечтим.

- Кандай мелдештерге катыштыңар?

- Буга чейин түрдүү спорттук иш-чараларга катышып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келдим. Валейболдон сырткары, теннис боюнча да бир канча дипломдорум бар. 2-3-орундарды багынткан учурлар да аз эмес. Жакында эле командабыз менен Бишкек шаарынын биринчилигинде 1-орунду камсыздадык. Анда шаардагы райондор аралык мелдеш болду. Бул мен жана командам үчүн абдан зор кубаныч тартуулады. Бизге стимул жаралып, мындан ары көбүрөөк эмгектенели деген ойлор жаралды, жоопкерчилик жүктөлдү. Эми валейболду таштабайм го деп турам (күлүп).

- Спорт сага эмне берет?

- Спорт эрктүүлүккө жана чыдамкайлыкка тарбиялайт. Сулуулукту тартуулап, жашоого маани-маңыз киргизет. Туура жашоого багыт берет. Мен ар дайым спорт менен бирге болуп, келечекте мыкты спортчу айымдардын катарын толуктасам деген ниетим бар.

- Келечек демекчи, кандай бийиктиктерди багынткың келет?

- Мен багынта турган бийиктиктер али алдыда деп ойлойм. Валейбол менен эле чектелип калбастан, спорттун башка түрлөрү менен да машыккым келип жүрөт. Мисалы, жаа атуу. Атам да жаа атууну  үйрөнүп ал деген кеп-кеңешин берди. Кыргызстандын желегин желбиреткен учурлар көз алдыма азыртадан тартыла баштады.

- Кыз балага спорт менен машыгуу оор эмеспи?

- Мени үй-бүлөм ар дайым колдоп турат. 2 агам бар. Атам менен апам мага ар тараптан колдоо көрсөтүп, жеңиштериме кубанып турушат. Ошондуктан, мен үчүн спорт менен машыгуу оор эмес. Тескерисинче, спортту абдан сүйөм.

-Спорттон башка эмнелерге кызыгасың?

-Мен мектепти аяктасам, медициналык окуу жайга тапшырам деп жүрөм. Буюрса, кесибим да спортко байланыштуу болот. Медициналык окуу жайга өтүү абдан оор болгондуктан, азыртадан даярданып баштагам.

 - Рахмат Мадина. Ийгиликтер көп болсун.